Колл - борбор: 105; 1209

Панфилов раймамадминистрациясында кышка даярдык боюнча жыйын болуп өттү

8 Август 2023 ж.

нергетиктердин күз-кыш мезгилине даярдыгы, берилген лимиттердин сакталышы, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча жыйын болуп өттү  Панфилов райондук мамлекеттик администрациясында келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдык, берилген лимиттердин сакталышы, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча Чүй электр тармактар ишканасынын директору Улан Астаркулов, Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Жанболот Бейшенов, Панфилов райондук электр тармактарынын жетекчиси Адилет Сулайманов, Панфилов райондук электр тармактарынын сатуу кызматынын жетекчиси Байтик Таалайбеков жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айыл өкмөт башчылары катышкан жыйын болуп өттү. 
Жыйында энергетиктердин күз-кыш мезгилине даярдыгы, жасалып жаткан иштер, абоненттерди онлайн жана сапаттуу тейлөө жана санариптештирүү максатында ишке кирген "Мой свет" мобилдик тиркемеси жөнүндө сөз болуп, Панфилов райондук электр тармактарынын жетекчиси Адилет Сулайманов, Панфилов райондук электр тармактарынын сатуу кызматынын жетекчиси Байтик Таалайбековдор 6 айдын жыйынтыгы боюнча отчет беришти.
Кийинки сөздү Чүй ЭТИнин директору Улан Астаркулов алып, берилген лимитти сактоо жана электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү биргеликте иш алып баруу маселесин көтөрдү.
Администрация жана айыл өкмөт башчылары энергетиктердин көтөргөн маселелерди колдоп, энергетиктер менен ар кандай маселелерде тыгыз иш алып барып, берилген лимиттерди сактоо жана электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча жер-жерлерде иш алып барарын билдирди.
Айыл өкмөт башчылары айылдардагы энергетика тармагындагы көйгөйлүү маселелерин көтөрүп, РЭТ жетекчилери берилген ар бир суроого жооп берип, көйгөйлүү маселелерди чечүү маселеси жеринде каралды.