Колл - борбор: 105; 1209

Жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматында оңдоо иштери 90 пайызга аяктады

8 Октябрь 2024 ж.

Чүй электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы чубалгылар кызматынын электр куроочулары күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштерин 90 пайызга аяктады.

Энергетиктер оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 287 чакырым жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрүп, эскилиги жеткен жана жарактан чыккан 10687 даана изолятор алмаштырышты.

Мындан тышкары 2081 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүштү.

Капиталдык оңдоо иштери боюнча 6,5 чакырым аба чубалгысын тартышты.

2023-жылы энергетиктер 12252 даана жарактан чыккан изоляторлорду алмаштырышкан.

Чүй электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматы 2722 чакырым 35/110/220/500 кВ аба чубалгыларын тейлейт.

Бул аткарылып жаткан иштер Чүй облусунун жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.

Электр жабдууларын оңдоп-түзөө убагында эртең менен саат 09-00дөн кечки саат 17-00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.

Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Чүй электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына http://chupes.nesk.kg/ru/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат.

Ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет. Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, 0772001209, 0702001209, 0556001209 (ватсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.