«КУЭТ» ААКнын филиалы – Чүй электр тармактар ишканасы Кыргызстандын мырзаларын Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайт.
Ата Мекенди коргоочулардын күнүндө биздин Мекенибиздин жыргалчылыгына кызмат кылган жана кызмат өтөп жаткандардын бардыгына биз сый-урматыбызды жана ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Ар бири үчүн аткарылышы ар-намыска тете болгон маанилүү милдет – бул өз өлкөсүн, өз үйүн коргоо.
Ошол себептен Ата Мекенди коргоочулардын күнү аскер адамдарынын гана эмес, ошондой эле калган бардык күчтүү, эр мүнөз, руху бекемдердин да майрамы болуп калды.
Анткени Кыргыз Республикасынын ар бир жараны ал аскердик нөөмөттө турабы же жайчылыкта иш кылабы, ириде өз өлкөсүнүн коргоочусу болуп саналат жана өз эмгеги менен Ата-Журттун даңкын арттырууга өз салымын кошуп келет.