Коммуналдык кызматтар үчүн төлөө ар бир үй-бүлөдө маанилүү чыгаша статьясы болуп саналат.
Ал эми электр энергиясына жана жылуулукка төлөө, өзгөчө кыш мезгилинде көбүнчө эң кымбат нерсеге айланат. Энергияны үнөмдөө жана коммуналдык чыгымдарды азайтуу толук мүмкүн!
Кадимки эски лампаларын энергияны үнөмдөөчү лампаларга алмаштырыңыз. Заманбап эффективдүү LED лампалары электр энергиясын 10 эсе аз сарптайт!
Бөлмөдөн же үйдөн чыкканда жарыкты өчүрүңүз.
Керексиз учурда тиричилик шаймандарын өчүрүп туруӊуз. "А" классындагы энергия керектөөчү тиричилик техникасын сатып алыңыз, алар кадимки электр энергиясына караганда үч эсе аз электр энергиясын талап кылат.
Радиаторлордун артына жылуулук чагылдыргычтарды орнотуңуз. Мунун аркасында сиз ашыкча жылуулук жоготууларын азайтып, электр жылыткычтарынан баш тарта аласыз.
Батирлерди жана үйлөрдү заманбап технологияларга ылайык жылуулоо.
Энергиянын альтернативдүү булактарын – күн батареяларын жана коллекторлорду колдонуу.
Көрүнүп тургандай, дээрлик бардык ыкмалар жөнөкөй жана баарына жеткиликтүү.
Аларды канчалык көп кабыл алсаңыз, коммуналдык төлөмдөр ошончолук төмөн болот.