2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, Москва районунун бардык тузум кызматтарынын ичинен Жусуев Артур Баймаматович жетектеген Москва РЭТке «Мыкты ишкана-2025" наамы берилди ошондой эле кесипкөйлүгү, лидерлик сапаттары жана жалпы ишке кошкон олуттуу салымы үчүн Москва РЭТтин башкы инженери Темирбеков Элдияр Айтбековичке «Мыкты кызматкер-2025" наамы ыйгарылды. Сыйлыктырды, Москва райондук мамлекеттик администрациянын акими Козуев Ниязбек Эгемкулович тапшырып, эмгек жамаатынын ишти уюштуруудагы жогорку деңгээлин, жоопкерчилигин жана районду өнүктүрүүгө кошкон салымын баса белгиледи.
Москва РЭТтин жамаатын татыктуу сыйлыгы менен куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди, туруктуу ишти жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!
Чүй электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы
Website: http://chupes.nesk.kg/
https://www.facebook.com/chupeskg
https://www.instagram.com/chupes.kg/
E-mail: chupes.ps@gmail.com
Tel: +996 33 85 97